Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Макияж айымдарда ишенимди пайда кылуу менен анын сулуулугун арттырат. Бирок макияж жасоодогу айрым кемчиликтер жүздү сулуу көрсөтпөй, тескерисинче, аны өз курагынан картаң жана чарчаңкы абалда көрсөтөт.
1. Ашыкча тоналдык бет май
Көпчүлүк кыздар бет терисин идеалдуу көрсөтөм деп тоналдык бет майды ашыкча коюп алышат. Айрымдары ашыкча койгондон тышкары бет терисине ылайык келбеген өңдү тандап алышат. Ашыкча коюлган бет май жана туура эмес тандалган өң беттеги бырышты билдирип, кемчиликтерин көзгө дааналап баса көрсөтүп коёт. Визажисттер тоналдык бет майды жука кылып коюуну сунушташат.
2. Ылдыйкы кирпиктерге коюлган тушь
Көздүн ылдыйкы кирпиктерин көп билинбегендей кылып жеңил туштап койсо, көздү бажырайтып көрсөтөт. Ал эми калың боёлгон тушь көздүн айланасындагы бырыштардын дароо көзгө чалдыгышына шарт түзүп берет.
3. Күңүрт түстөгү помада
Учурдун талабы боюнча эриндерди ачык өңдөгү помада менен боёо сунушталат. Эгер сиздин эриндериңиз ичке болсо, анда күңүрт өңдөгү помада аны андан бетер ичке көрсөтөт.
4. Күңүрт өңдөгү тендер
Көздүн сурмасы толук күңүрт өңдөгү тень менен боёлсо, анда ал адам өз курагынан кичине улуураак көрүнүп калат. Эгер жаш көрүнүүнү кааласаңыз, анда күңүрт өңдөгү тенди сурманын бүткөн жерине коюу керек.
5. Көздүн астын кара подводка менен боёо
Көздүн астын кара подводка же карандаш менен чийип боёо да айымды өз курагынан улуу көрсөтөт.
6. Жаактын дал ортосуна коюлган эндик
Айрымдар эски адатынча эндикти жаактын дал ортосуна сүйкөп коюшат. Ортого сүйкөлгөн эндик учурдун талабына жооп бербейт. Аны жаак сөөктүн үстүнө коюңуз.
7. Калың боёлгон каш
Көргөндө эле көзгө биринчи каш уруна тургандай кылып кашты калың кылып боёо туура эмес. Себеби ал айымды өз курагынан бир аз улуу көрсөтүп коёт. Ошол себептен кашты кара эмес, күрөң түстөгү карандаш менен билинер-билинбес кылып боёо керек.
8. Корректордун жоктугу
Корректордун жардамы менен жүздөгү тактарды жаап беттин формасын өзгөртүп көрсөтүүгө болот. Көздүн алдындагы күңүрт аймакты тоналдык бет май менен жашырууга мүмкүн эмес. Бул учурда корректордун ачык өңү жардамга келет.
9. Одоно чийилген контурдук карандаш
Контурдук карандаш эриндин формасын дааналап ачык көрсөтүп, көзгө жагымдуу көрүнөт. Бирок айрымдары контурдук карандашты билиндирбей чийип, ич жагына тартып сүртүп койгонду билишпейт.
10. Калың коюлган упа
Айрымдар беттеги кемчиликти жабууга аракет кылып упаны калың кылып коюп алышат. Муну менен беттеги бырышты дааналап ачык көрсөтүп алышканын байкашпайт. Сулуулукту жаратуучу визажисттер көздүн алдын жана тегерегин упалоого болбостугун, себеби упа ал жердеги майда бырыштарды дааналап көрсөтүп коёрун айтып эскертип келишет.
Даткайым ДОСМАТОВА

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12