Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
1⃣ Береке тилөө.
Хадис: «Кимге Аллах тамак берген болсо айтсын «О, Аллах, бул нерседе бизге береке бер жана мындан жакшысы менен бизди тамактандыр»»
📚 (ат-Тирмизи)
📌 (Аллахумма баарик лянаа фиихи ва атъимнаа хойрон минху)
2⃣ Бисмиллях деп айтуу.
Хадис: «Силердин бирөөңөр тамак жесеңер «бисмиллях» десин. Эгер башында унутуп калган болсо «Аллахтын аты менен башында жана аягында» десин»
📚 (ат-Тирмизи)
📌 (Бисмилляхи фии аввалихи ва аахырихи)
3⃣ Оң кол менен жеш.
Хадис: «Эч кимиңер сол колу менен жеп-ичпесин. Чындыгында шайтан сол колу менен жеп-ичет»
📚 (Муслим)
4⃣ Алдыда турган тамактан жеш.
Хадис: «О, бала! Аллахтын ысымын ата, оң кол менен алдыңдагыны же»
📚(аль-Бухари)
5⃣ Үч манжа менен жеш.
Каъб ибн Малик айтты: “Аллахтын элчиси ﷺ үч манжасы менен жейт эле жана колун сүртөөр алдын аны жалайт эле”
📚 (Муслим)
6⃣ Түшүп калган үзүмдү жеп коюу.
Хадис: “Эгер бирөөңөрдөн тамактын үзүмү түшүп калса – аны тазалап, жеп койсун, аны шайтанга таштабасын”
📚 (Муслим)
7⃣ Жөлөнүп алып жебөө.
Хадис: “Мен жөлөнүп алып тамак жебейм”
📚(аль-Бухари)
8⃣ Тамактын айыбын айтпоо.
Хадис: “Аллахтын элчиси ﷺ тамакты эч качан айыптачу эмес. Бир нерсе жакса аны жечү, ал эми жакпаса [унчукпастан] таштап койчу”
📚 (Муслим)
9⃣ Тамактан кийин “аль-Хамду лиллях” деп айтуу.
Хадис: “Бир нерсе жеген соң Аллахты мактап турган пендеден Аллах ыраазы болот”
📚 (Муслим)
#хадистер #сүннөт #дуа
Булак: islamjolu.kg ➖➖➖➖➖➖➖➖➖
Телеграм: @aalymdar

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев