Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Айтылуу Атамбаевдин "бөтөлкөлөш" досу, мураскору жана "Просто Мария" эмес простой сыяктуу көрүнгөн Сокеси өлкөнү көтөрүм болгон уйдун абалына жеткиргени аз келгенсип Парламенттик шайлоону тарыхта болбогон жүзүкаралык менен өткөрүп, жүздөгөн жаштарды майып кылып, Үмүттүн жанын алып, ошондо дагы ээрди он колу менен мыкчып кетпей атып араң жылмышып түштү го, чиркин!!!... Булар жыргашып "ак-кызылдан" согуп атышып БАКИЕВДЕН калган күчтүү өлкөнү иттин талпагындай жарга такашып, мышык ыйлагандай абалга жеткиришкен экен.
Былтыр ушул маалда Кытайда башталган алааматтын Ала-Тоого келерин билсе дагы мелтиреген кайдыгер саясатынын кесепетинен эки миңге чукул адам абага зар болуп, доктур менен дарыга жетпей чыркыраган боюнча каза болушту... Баарынан дагы пандемияга деп тыштан келген 700 миллион долларды баш-аягы жок коротконуна, ал акчалар кайда кеткенине да жоопкерчилик албастан уялбай экс-Президент болуп отурат...
Бул жерден БИРИНЧИ суроо жаралат?
Эмне үчүн 12-ноябрдагы Садыр Жапаровдун журналисттер менен болгон жолугушуусунда "Азаттыктын" журналисти Бакыт Төрөгелди уулу дал ушул 700 миллион тууралуу жана Сооронбай Жээнбековдун кечирилгис жоопкерчилиги жөнүндө сурабай Атамбаевдин заказын аткарып жаткандай БАКИЕВДЕРГЕ жармашты? Эмне үчүн Россиядан алынган 300 миллион доллар насыяны Бакиевдер уурдап кеткен деген жалааны токтотушпайт? Эмне үчүн Бакиевдерди мажбурлап кайтарып алып келүүгө куштар? Айтор "Сокур көргөнүн койбойт, дүлөй укканын койбойт" дегендей Азаттыктын кээ бир журналисттеринин саясаты Бакиевдерди болгон күчү менен жамандап, эптеп эле өлкөгө сүйрөп келип элге талатып кумарга батуу болуп калганбы? Элдер аңыз кылып жаткандай "Азаттык" радиосун Алмазбек Атамбаев сатып алып "АШАттык" кылып салганбы же Бакытка окшогон Атамбаевчилер өз менчигиндей "Тажаттык" кылып салышканбы?
Бул жерден жөнөкөй эле логикалык түрдө ойлонуп көрсөк, эгер чындап эле Россия берген 300 миллион доллар насыяны Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен болсо Убактылуу Өкмөт жөн жатат беле? Ансыз деле Курманбек Бакиевди жамандап, каралаганды күнүмдүк беш маал намазындай парз кылып алган Алмазбек Атамбаев жөн жатат беле? Күндө теледен миң ирет какшанып ошол насыяны айтышат болчу... Бирок андай болгон жок да? Андай кыла алышмак да эмес!!! Анткени ал акчаны БАКИЕВДЕР алып кеткен эмес!!! Курманбек БАКИЕВ эч кандай элдин акчасын да, мамлекеттик казынаны да тоноп кеткен эмес!!! Ал жөнүндө канчалаган фактылар турат!
Бул жерден ЭКИНЧИ суроо жаралат?
Ошол 2009-жылы Россия Кыргызстанга 0.75% пайыздык өлчөм менен 300 миллион АКШ доллары көлөмүндө жеңилдетилген насыя берген болчу. Бул каражаттар өлкөбүздүн экономикасынын маанилүү тармактарын каржылоо үчүн колдонуу үчүн алынган. КР Каржы министрлиги жыл сайын сентябрь жана март айларында Россияга пайыздарын төлөө милдетин алган. Кыргызстанга 286,3 миллион доллар каражат бөлүнүп, калган 13,6 миллион доллар акча кредиттик макулдашуунун шарттары боюнча Россиянын банкында кыргыз тараптын негизги карызын жабуудагы биринчи төлөмдүн кепилдиги катары калтырылган.
Каржы министрлигинин аталган каражаттарды өз алдынча колдонуп, каалаган долбоорлорду каржылоо укугу жок болгондуктан 286,3 млн доллар КР Өнүгүү фондусуна берилген. Ал эми Өнүгүү фонду бул акчаларды экономиканы көтөрө турган маанилүү долбоорлорду каржылоого колдонуп, кредиттин пайыздарын Россияга төлөө үчүн Каржы министрлигине которуп турган.
Өнүгүү фонду болсо бюджетке салык төлөөчү катары эмес, берилген каражат үчүн жоопкерчилик алган уюм катары иш жүргүзгөн.
Өнүгүү фондусу болсо насыя алынган 2009-жылдан 2010-жылдын мартына чейин акчаны максатуу пайдаланып 100 миллион долларды "Камбар-Ата 2" ГЭСинин курулушу үчүн бөлүп берген. Ошондой эле банк системасына 30 миллион доллар салынган. Өлкөдө микрокредиттик, лизинг жана ипотекалык компанияларды түзүп, экономиканын башка приоритеттүү тармактарын каржылоо пландалган жана четинен ишке ашырыла баштаган. Аталган компаниялар ирети менен ачылып иштей баштаганга чейин насыянын пайыздарын төлөө үчүн облигациялар сатылып алынып, кайра 2010-жылы март айында ал баалуу кагаздар фондулук биржада сатылып калган 150 миллион доллар акча 192 миллион долларга көбөйгөн. 2010-жылы Курманбек Бакиев бийликтен кеткенде Россия насыясынын бардык акчалары Кыргызстандын банктарында болгон. Бир дагы тыйын тышка чыккан эмес. Ал эми "Камбар-Ата 2" ГЭСине бөлүнгөн 100 миллион доллардан тышкары, коммерциялык банктардагы 30 миллион жана Өнүгүү фондусунун Улуттук банкка төгүлгөн 192 миллион доллар, тактап айтканда 220 миллион доллар накталай акчаны Убактылуу Өкмөт каяка жоготкон? Кантип коротушкан? Акчалар кайда жумшалган? Кимдер уурдашкан?
Убактылуу Өкмөт бул насыядан 100 миллион долларды 2010-жылдагы Түштүктө болуп өткөн июнь окуясынын кесепеттерин жоюу үчүн, ал эми калган каражатты бюджеттеги дефицитти жабуу үчүн колдонгонун айтышкан. Бирок кийинчерээк июнь окуясынын кесепеттерин жоюуга 100 миллион доллар эмес, 100 миллион сом бөлүнгөнү белгилүү болгон. Анда калган акчалар кайда?
Россиядан алынган насыяны Курманбек Бакиев эмес Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ырксыз пайдаланып кумга сиңген суудай чаржайыт жоготконун жана ал карыз элдин чөнтөгүнөн төлөнгөнүн билебиз.
Ошондо Курманбек Бакиевдин мээнети менен өлкөнүн өнүгүп бара жаткан экономикасын колдоо максатында алынган жана бир тыйынын коротпой өлкө казынасына калтырган 300 миллион долларды жоготкон ЧЫНЫГЫ УУРУЛАР кимдер?
Бул жерден ҮЧҮНЧҮ суроо жаралат?
Эмне үчүн өлкөнү тоногон чыныгы ууруларды билсек дагы билмексен болуп, 2010-жылы 7-апрелде кырчындай жаш жигиттерди кимдер аттырганын айткыбыз келбей бардык күнөөнүү КУРМАНБЕК БАКИЕВГЕ жана ЖАНЫШ БАКИЕВге чаптап аларды өлкөгө мажбурлап алып келүү жөнүндө күлкүлүү жомокту айта беришет? Эгер чын эле БАКИЕВДЕР аттырган болсо эмне үчүн УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ жана АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ эл аралык сотторго, Гаага трибуналына бере алган жок? Эмне экени үчүн оозун ачса эле ООНду какшаган РОЗА ОТУНБАЕВА ошол жерге барып жатып алган жок? Курманбек БАКИЕВ бир канча жолу эл аралык арачылардын негизинде соттошууга, өз чындыгын айтууга даярмын деп 10 жылдан бери айтып келе жатса дагы даап бара алышкан жок? Анткени коркушат!!! Курманбек Бакиев соттон утуп чыгаарын сопсонун билишет. Өздөрүнүн көчүгүндө түтөп турган калбырды, жаш жигиттердин канынан коркушат!!! Анан неге ошол сотко бара алышпайт да 10 жылдан бери БАКИЕВДЕРДИ жамандап, каралай беришет түшүнбөйм... Айтайын дегеним Курманбек Бакиев көчөдөгү ууру же каракчы эмес Кыргызстандын тарыхындагы мыкты ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН бири катары аты жазылып кала турган инсан! Бакиев- Атамбаев эмес! Курманбек Бакиевди мажбурлап эмес жогорку сый-урмат менен алып келип, өлкөнү башкаруудагы күчтүү башкаруучулук дараметин, экономика менен өндүрүштү мыкты билген акылын жаңы шайланган ПРЕЗИДЕНТ колдоно турган учур келди...
ЭМНЕ ҮЧҮН?
Анткени Курманбек Бакиев башкарган 2005-2010-жылдары өлкөбүздүн экономикасы бир топ алдыга жылып, тышкы карыздар ири өлчөмдө төлөнүп өлкөбүз өнүгүү жолуна түшкөн болчу. 2010-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында болбогон экономикалык өсүш болуп ал 16,7 пайызды көрсөткөн. Андан бери Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбековдордун заманында андай экономикалык өсүш тургай, жалаң популисттик башкаруунун айынан өлкөнү банкорттук абалга кептешип, тышкы карызды жарыбаган казынабыз көтөрө албагандай абалга алып келишип, бюджеттин таңкыстыгы 35 миллиард долларды чапчып, азыркы бийлик "Тогуз оору бир келсе ажалыңдын жеткени, тогуз доочу бир келсе амалыңдын кеткени" деген абалда турганда КУРМАНБЕК БАКИЕВ биздин өлкөбүзгө керек!!! Бакиев дагы Акаев дагы сый-урмат менен өлкөгө келиши керек... Аларга ОТУНБАЕВА менен ЖЭЭНБЕКОВДУКУНДАЙ "Экс-Президент" макамы берилиши керек!
Сөзүмдүн акырында айтарым "Азаттыктын"
журналисти Бакыт Төрөгелди уулу БАКИЕВДЕРГЕ ыгы жок асыла бербей, кумири Атамбаевдин сүрөтүн кучактап алып 47-колонияга барып кумиринен Россиядан келген 300 миллион доллар акча каякта деп сураса жакшы болот. Аны гана сурабай 2010-жылы 7-апрелде элди кимдер атканын да сурасын. Эмне үчүн Ош окуясында каза болушкан жүздөгөн адам үчүн, талкаланган тагдырлар үчүн, өрттөнгөн шаарлар үчүн Отунбаева, Атамбаев баш болгон Убактылуу Өкмөт жооп бербейт деп сурасын? Раимдин 700 миллион долларын аңдыгандай АШАнын Соке досу алган 700 миллион доллар жөнүндө дагы сурасын... Пандемияда каза болушкан миңдеген адамдын жаны үчүн, 6-октябрь түнү каза болгон Үмүт үчүн, буту-колунан, көздөрүнөн айрылып майып болушкан, жаракат алышкан жүздөгөн жаштардын азабы үчүн эмнеге Сооронбай Жээнбеков жооп бербейт деп сурасын? Анан дагы БАКИЕВДЕРГЕ ыгы жок асылып, жалаа жапканды АТАМБАЕВДЕН үйрөнгөн болсо, ал адатын ошол 47-колонияда Атамбаевдин кучагына тыштап келсин!!!
Асейин Саралаев

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21