Свернуть поиск
Правая колонка
🌺🌺🌺
❄Өткөндө бейит жанынан,
Күлбөгүн да, сүйлөбө.
Арбактар үчүн бата кыл,
Кетишкен тигил дүйнөгө.
❄Ичиңден келме келтиргин,
Мүрзөнү өтсөң аралап.
Кураан окуу тирүүнүн,
Парызы болуп саналат.
❄Кыбыла жакты бет алып,
Дааратыңды албагын.
Кыбыла жакты тептирип,
Төшөгүңдү салбагын.
❄Күл төбөгө заараны,
Ушатпайт, аны билип жүр.
Даараткана салгын да,
Дамамат ага кирип жүр.
❄Шыпыргыны баркта да,
Көрүнгөн жерге таштаба.
Күнөө болот, билип кой,
Жерде жатса аттаба.
❄Чогулган ыпыр-сыпырды,
Ошол бойдон калтырба.
Ыргытып ташта узатпай,
Күл төккөн жерге баргын да.
❄Күн батып калган маалда,
Эшик алдын шыпырбайт.
Чогулган ыпыр-сыпырды,
Караңгыда ыргытпайт.
❄Теппегин идиш-аякты,
Шарак-шурук ыргытпа.
Аллах Таалам андайды,
Кабылтат улам кырсыкка.
❄Суу куюп отту өчүрбө,
Какшыйт кийин казаның.
О дүйнө кетет бир күнү,
Отун алаар адамың.
❄Аялга айтар бир кеп бар,
Аттаба эркек үстүнөн.
Кашыңа осмо койбогун,
Каранып улам күзгүдөн.
Жайды билген аялдар,
Жатаарында таранбайт.
Күлкүсү чыгып жылмаңдап,
Күзгүгө түндө каранбайт.
❄Караңгыда баланы,
Алып чыкпайт эшикке.
Эпкини тийет кокустан,
Жин-шайтандар кезиксе.
❄Баланы жалгыз калтырсаң,
Башына нанды жаздап кой.
Болбосо балыш астына,
Бычактан бирди таштап кой.
❄Баш кийимсиз отурба,
Окулуп кураан жатканда.
Анты болот, билип кой,
Жатпасын бычак дасмалда.
❄От деген ыйык нерсе бул,
Ардактагын, барктагын.
Мунжу болуп каласың,
Бутуң менен баспагын.
❄Коломтого түкүрбө,
Бут менен отту теппегин.
Анты болот анын да –
Ырыскыңды тепкениң.
❄Анан да отко салбай жүр,
Аарчылган пияз кабыгын.
Ырымы болот мунун да,
Үйүңдөн өчөт жарыгың.
❄Кулачтаба эшикти,
Босогону баспай жүр.
Сол бутту артта калтырып,
Оң бутту алга таштай кир.
❄Чекилик болот билип кой,
Ченебе боюң карыштап.
Башыңа конгон бир жолку,
Бакытың качат алыстап.
❄Ыргытып идиш-аякты,
Ыгы жок калдыратканы –
Аялдар, муну билип кой,
Ал үйдөн дөөлөт качканы.
❄Чайдын калган шамасын,
Чалчык жерге төкпөй жүр.
Ыймандан качып мындайда,
Ырысың тээп көпкөнүң.
❄Тырмагың менен черткилеп,
Тырсылдатпа чыныны.
Ашың кемийт, билип кой,
Анын да ошол ырымы.
❄Тамак бышып жатканда,
Таштап кетип калбагын.
Алдыңан чыгып бир кырсык,
Айылыңа жетпей калбагын.
❄Эртең менен эрди-аял,
Бир бириң карап күлүп кой.
Оңолот ишиң ал күнү,
Ошону ойго түйүп кой.
❄Ар кыл жаман түштөрдөн,
Өзүңдү-өзүң коруп жүр.
Жамандыкка жорубай,
Жакшылыкка жоруп жүр.
❄Түк ишенбе түшүңө,
Түш – түлкүнүн богу дейт.
Түшкө ишенген адамдар,
Түлкүнүн ошол богун жейт.
❄Кокус түшүп колуңдан,
Идишиң сынса кайгырба.
Таштандыга ыргыткын,
Бүт чогултуп алгын да.
❄“Жок” деген адам жарыбайт,
Бар болуп туруп колунда.
Ал билбейт күнөө кылганын,
Аллах Таала жолунда.
❄Осолдук болот, билип кой,
Оозуңа манжаң салбай жүр.
Акылсыз бала өңдөнүп,
Андай ишке барбай жүр.
❄Теңирим деле жактырбай,
Тескери, бура басканды.
Тетири тартат турмушуң,
Тескери салба дасмалды.
❄Асмандатып илбей жүр,
Камыр жайган тактаңды.
Эгиндин баасы кымбаттап,
Элиңдин карды ачканы.
Караңгыда кызыңды,
Суу апкел деп жибербе.
Этеги кокус ачылып,
Эр табылбайт тийерге.
❄Эртеңкиге суу калса,
Калбасын анын үстү ачык.
Билгизбей туруп жин-шайтан,
Балким, койоор уу чачып.
❄Жалкоолук кылып жатаарда,
Жуубасаң идиш-аякты,
Кесири тийип ошонун,
Келтире жейсиң “таякты”.
❄Ун элеген супура,
Улагага илбей жүр.
Кызаңдата тизеңди,
Кыска көйнөк кийбей жүр.
❄Кыз балага айтаар кеп:
Кур бешикти терметпе.
Андан көрө, алдейлеп,
Куурчагыңды эрмекте.
❄Баш кийимди ыргытпай,
Башына төрдүн илип жүр.
Ботала кылып кирдетпей,
Боруму менен кийип жүр.
❄Жамынганы желбегей,
Жаш балага жарабайт.
Ажал тооруйт андайды,
Жаштыгына карабайт.
❄Эки колуң артыңа,
Алып алып баспагын.
Жигит бойдон сыныңды,
Өмүр бойдон сактагын.
❄Дегеле шым аттууну,
Башыңа жаздап жатпагын.
Антсең акыр бир күнү,
Абийириңди сатканың.
❄Китеп, гезит окуба,
Тамак ичип жатканда.
Ичкениң толук аш болот,
Даамын чындап татканда...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1