Свернуть поиск
Правая колонка
Өзүңүзгө керектүү чөптүн дал өзү экендигин аныктап, анан териңиз. Уулуу чөптөр да бар экенин эске алыңыз.
• Чөптөрдүн жаңы чыккандарын гана терүү керек. Сөңгөгү каткан чөптөрдүн даамы ачуу боло баштайт.
• Чөптөрдү таң эрте, унаа жолдорунан алыс, мал, ит көп баспаган жерлерден терүү шарт.
• Чөптөрдү кагаз баштыкка же себетке чогултканыңыз оң. Темир, жез идиштерге салганда кычкыл тартып калышы мүмкүн.
ТУУРАМЖЫ ДАЯРДОО
1. Алгач беде, ат кулак, жалбыз, чалкан, чырыш терип, тазалап, муздак сууга 3-4 жолу чайкап алабыз. Чырышты кайнак сууга 1 мүнөттөй салып алуу шарт.
2. Андан соң суусун сарыктырып, майда туурап, казанга салып жай отто 5-6 мүнөткө демдейбиз. Чөптөрдүн өзүнөн шире бөлүнүп чыгат, андыктан, май, суу кошпой эле койгон туура.
3. Муздагандан кийин сыгып алып, куурулган пиязды жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырсак, туурамжыбыз даяр болот. Айрымдар табитине жараша туурамжыга куйрук, эт, жумуртка, быштак, сыр кошуп жасашат. Бирок чөптөрдүн дарылык касиети көбүрөөк болсун десеңиз чөптөрдүн өзүнөн гана (туз, мурч да кошпой) жасаган жакшы. Камыры кадимки мантыга жууругандай жуурулат.
КАМЫРЫН ДАЯРДОО
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 400 грамм
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Суу – 400 грамм
Туз – Татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жылуу сууга тузду салып аралаштырып алабыз.
2. Унду элеп, өсүмдүк майын жана сууну куюп жумшагыраак кылып камыр журуп, 30 мүнөттөй тыныктырабыз.
БЫШЫРУУ
Чөптөн жасалган даамдарды казанга кактап, майга, бууга же сууга жана электр мешинде бышырууга болот. Бышыруу ыкмасына карата ысык жана суук тамак болуп бөлүнөт. Алсак, отко какталып же куурулуп бышкан токоч, чабаты жана самса ысык, ал эми сууга, бууга бышкан чүчпара, оромо, манты суук тамактын катарына кирет.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20
уулконду билем биздеда осот