
(Же чырмалышкан тагдырлар)
6-БӨЛҮМ
Асема Сагынды карап-карап коет,кандай акыбалда болоорун,бирок бул нерседен эч нерсе озгоргон жок.Алар жолдон отуп бара жатышканда,Айнур:
-Ай,-деп кыйкырып жиберди.Чочуп кеткен бейтаныш артын карап:
-Эмне болду,Айнур?,-деп кыжалаттуу карай салды.Айнур энкейип кызыл ашыгын укалап кирди да,кулуп жиберди.
-Чочубадынызбы,сизди да алаксыттым,кайдагы аары кирип алыптыр,чагып албадыбы,-деди да ылдый болгон калыбында бутуна шамал жеткизе уйлоп-уйлоп койду.Анан жолдорун улап кете беришти,бул учурда Асема менен Сагын,Сагын баягында кирип,ичип чыккан кафеге кирип кетишкен болчу.
Адам баласынын тирилиги кыбырап ото берди.Айнур жумушуна барат,келет,балдарына кам уруп аларды тарбиялайт,курсактарын тойгозот,кийимдерин жууйт,сыртта эркек,уйдо аял болуп жашап жатты.Бейтааныштын сунушун канча ирет ойлонуп корду,бирок эч эле конулу жибибей койду.Аны абдан сыйлайт,анын эркектен озгочо,маданияттуу,адамгерчиликтуу,камкор,токтоо,ишмер адам экенине тан берет.Мындан артык кандай эркек болот эле деп ойлоп койгону менен аны менен бирге жашоосун такыр элестете албады.Анын устуно кайната-кайненеси да эмне дешет.Сагын жоголгондон бери апасы да бир топ карып кеткен,оорукчан да болуп калды.Айнурдан ургулуп эле отурат.Келинине ото ыраазы.Келин болуп келгенден бир ооз каяша айтпады,зымпыйып чыйраактыгынан жазбады.Энен эрте кетип тириликке бышкан экенсин деп коет кыраакы кемпир.Карап туруп боору да ооруп кетет.Сагын тируулой сени таштап кетти,же жаш калбай,же бош калбай байкушум кыйналдын а кантейин деп ичинен,козуно жаш да топтоп алат.Баласынын кылыгын бир ооз айтпады,жадырап-жайнап аларды тосуп алып,бир сыйра кемчиликтерин алып берип,узатып коет.Эне курган ушунусуна да шугур деп кыйла конулу жибип кетет айылга.Анан мынтип кайнене-кайнатасы менен мурункудай жашоо уланып жашап жатышса,мен "эрге тийем" дегеними оон корушпойбу,кой элге да уят,уч балам менен,ушундайында токтотуп,эсим барында этегими жабайын,-деп бир чечимге келди.
А Айнурдан жылуу жооп кутуп,экоонун бактылуу жашоосун элестетип,суйуунун асманында каалгып учуп жургон бейтааныш адам бир озунчо бактылуу.Айнурсуз тура албачудай акыбалда болуп калды.Тообо,эркек элуусундо элирет дегендей жаш токтонгон маалдагы суйуу жаман дешчу эле,мен чын эле ошондой болуп калган окшойм деп кыжалаттанат да,жок,жок мага Жараткан Айнурду жолуктурганга озу насиптеш болбодубу деп бир оюн кубалап,бир оюн алып келет.Ушинтип ой туманында жол таппай тунгуюкта отурганда телефонуна чакыруу келип калды,коргон козуно ишенбеди.Бул Айнур эле.Кадимкидей журогу кабынан ыргып кетчуудой дукулдоп чыкты,денесин кызыткан майда калтырак басып,телефонуна колу жетсечи.Демек,менин торгоюм ойлонгон экен да,акылдуум.Кантсин анан анын да жашаганга акысы бар деп ойлогонго да жетишти.Себеби,Айнур такыр чалчу эмес,бул киши Айнур суйунучтуу жооп айтат экен деп кубанганы ошондон.
-Алло,Айнуш,ал дал ушинтип атады,Айнурдун алдында ал бир мусаапырдай эле.Болбосом ошончо кардарларды титиретип,адамдарды суру менен да тайсалдатчу бу адам Айнур чоголо десе да даяр эле.
-Кандайсыз,биз жолуга алабызбы?
-Албетте,албетте!Эмнеге жок!Азыр барам,мен тез эле,-деп шашкалактап.
Ал келгенде Айнур мурункудай куттурбой кутуп туруптур.Жанына жетип жетпестен:
-Мен бат эле кетем,бир ооз суйлойм,коп деле убактынызды албайын,-дегенде эмнеси болсо да копту коргон киши сезе койду,жакшы кеп укпашын.Дароо:
-Айнур бул жерде болбойт,мен сени озум да бир жайга чакырам деп тургам,макул бол,суранам,сен айткан саатында алып келем,жок дей корбо болгону,-деп Айнурду аянычтуу карап алды.Айнур мейли эми коруп-билип калдым,адамдык касиетин сыйлайын да,барса барайын,ошол жерде созду бышырып кайтайын деп ойлоду да макул болду.
Бейтааныш адам айткан жерине зангыраган,бийик тосмолуу,чон дарбазасы коз тайдырган,келишкен бир уйго келишти.Ичкери киришип мындай уйду корбогон Айнур бир аз озун онтойсуз сезе кетти.Анын устуно кийген кийими да бул жерге жарашпоочудай сезилип турган.Багы тим эле укмуш.Коздун жоосун алган кузгу атыр гулдор.Ушундай кооз жайы туруп,биздин уйдун жанындагы жупуну эс алуу багына эмне деп барат экен,-деп кубуронуп алды ичинде.
-Айнур,бул менин уйум.Буюрса сенин да уйун болот.Жана Айнур конбосун сезээри менен,мумкун мунун уй-жайы кандай экен деп кыжалат болгондур,уйду корсотуп,карарган оюн айдап салайын деп алып келген болчу.
-Жок,мен кете берейинчи,-деп артка дароо бурулду.
-Кечир,кечирчи.Мен дагы байкабастан суйлоп алдым.Мен сенин жообунду кутушум керек болчу.Экинчи оозума албайм,албетте,озун кеп козгогуча.
Уч кабаттуу уйго киришти.Тим эле укмуш кооздолгон.Басуудан уяласын.Тайгаланып кетемби деп да корко тушосун.Уйдун кире беришинде туркун гулдор остурулуптур.Бул деген нерсе уйдо аялзаты бар дегендин белгиси да.Бирок аял аттуунун баары эле гулго кызыга бербейт,демек баарынан бар аялзаты жашайт экен деп Айнур баалап турду.
-Гулдорум жактыбы,мен гулдорду абдан жакшы кором,эркек болсом да,-деп Айнурдун оозун ачырды.Ангыча жетилип эле калган кыздын наздуу шынгыр кулкусу,анан калса жыргаган уну угула калбасбы.Экоо тен кулку жакындап келе жаткан тарапка конул бурушту.
-Сен бечелсин,мени которо албайсын,азыр эле чарчап каласын,-деп кыз жигиттин жинине тийе бергендиктен,мына анда деп мурусуно артып алган болчу,кыздын жыргаган кулкусу ошодон.Жигит меймандарды коро калып,кызды олдоксон кое берди да ,Айнурду тиктеп калды.
-Саггг-ыын!?
-???
-Сагын?Сен бул жерде...?Кантип?
6-болумдун аягы
АВТОР:ГУЛИРА МЕНДИБАЙ КЫЗЫ

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5