Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
⠀
Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылынын 83 жаштагы тургуну Чыкыева Макмалчач апа быйыл ажылык сапарга барам деп топтогон акчасына 2 кычкылтек концентраторун алып берди.
⠀
Апанын уулу Эркебай Зарипбеков, ал аппараттарды учурда эл үйлөрүнө алып кетип, бекер пайдаланып кайра алып келип жатышканын айтты.
⠀
«Апам буга чейин Умра сапарына барып келген. Ден соолугу чың. Телефон аркылуу бүгүнкү абалдан кабардар турат. Быйылкы ажылык сапардын акчасын март айында төккөн элек. Бирок ажылык сапар пандемияга байланыштуу болбой калгандыктан акчасын кайтарып беришкен. Ошол акчага Түркиядан 740 доллардан өз айылыбызга 2 аппарат алдык. Бирок айылда абал жакшы болгондуктан азырынча шаарда колдонуп жатабыз. Ооруканага өткөрүп бере турган болсо, кийин айылга жибере албай калабыз. Интернетке «оор абалдагылар алып кетип колдонсо болот» жарыя чыгаргам, эми телефонум тынбай калды», - деди ал.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 28