Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Ал тар, кир бөлмөгө айланат. Анан эшикке чыкканда баткак, саткак кирип муз тоңуп калып жатат деп жанына кичинекей навес кошот ага суук кирбесин деп кирпич же пескоблок менен курчайт. Андан кийин ал бөлмөгө айланат. Анан кайра жанына бут кийим чече турган времянка кошуп салышат. Байланыш жок болуп калды дейт дагы, Чатырды бузуп бириктирип, үстүн чогу жаап салат. Ошентип ал чоң үйгө айланат.
~ Ой, ой бул чоң үй эч жылыбайт экен! ~ дейт дагы кайра жанына времянка салып ошол жерге көчүп кирип алышат, Түтүн жыттанып. Ал эми коноктор чоң үйгө киргизилет. Эшиктин алдына гараж салышат. Бирок машинасын гараждын ичине эмес эшиктин алдына далдага токтотуп коёт. Ал эми гараж башка нерселерге толот. Үч, төрт жыл мурунку бут кийимге толгон сумка. Анын жанында темир, тезек толгон жыгач ящик. Бир же эки ак баштыкта баклашкалар. Ал эми текчелерде орун жок. Анда эски бешик, хадуног, үзөңгү, аркан, кетмендин, күрөктүн сынган баштары, эски чайнектер,темирлер, бурама, сурама ж.б. Кереги тийет коё беришет. Ал эми гараждын чуңкуру балон, дисктер жана башкаларга толот...
Ал эми көчөргө келгенде, үйдү айтпай эле койойун гараждан эле камаз менен эки рейс жасайсыз. Ошентип сарай жака барсак сарайдын ичине чөп жыйнап салып, уйду сыртка байлап коёт. Иттин уясын чоң сонун кылып салганбыз бирок ичинде ит байланбайт... Чынжыры калат дагы тентип кеткен же сарайдагы самандын үстүндө бош жаткан болот...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 26