Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Ар дайым душмандык кылган адам менен жылмайып жолуккан күн да келиши мүмкүн.
Таң атканча сыр бөлүшкөн досуң бир күнү телефон да чалбай калышы мүмкүн.
Өлүмүн каалаган адамың үчүн «жашай берсе экен» деп жалбарып калышың мүмкүн.
Сүйгөн эриндериңе бир күнү түкүрүп кетишиң да ыктымал.
Чын жүрөктөн ишенген адамың бир ооз сөз айтпай эле кетиши да мүмкүн.
Убакыт өткөн сайын баары өзгөрүшү мүмкүн…
Жан үрөп жеткен бирөөнү намысына тийип, алдыңдан түртүп жибербе.
Көңүл бурбай койгон бирөөнүн этегине жармашпа.
Убакыт бир калыпта турбайт.
«Убактылуу гана…» деген нерсе чындык болбойт…

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4