Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
======================
Менин окуям университетте 1-курста окуп жаткан убактан башталат. Бул жыл мен үчүн өтө оор жылдардын бири болду. Ошол жылы менин ата- энелерим ажырашты, ошондой эле ошол жылы менин жакшы көргөн күчүгүм өлүп калды. Ооба өтө кыйын күндөр болду. Субханаллаһ. ... Эки окуя тең бир жума ичинде болду. Андан кийин эле ошол жылы менин досум бул дүйнөдөн көз жумду.
Бул окуялар мени Руханий дин боюнча көп ойлонтчу болду. Мен эгер Аллах бар болсо эмнеге бизди жаратты? Аллахтын жараттуудан максатты эмне? Эмнеге мени жаратты?- деп көп суроо берчү болдум өзүмө.
Мен Кудай жөнүндө билгим келип, Кудайды христиан динен издеп чиркөлөргө бардым. Барсам чиркөдө баары ырдашат экен, мен аларды карап түшүнбөдүм. Алар мага Кудай сени жакшы көрөт деп айтышты. "Мен Кудай мени жакшы көрсө неге менин күчүгүм өлүп калды"- деп ойлонуп калдым.
Ошентип христиан динин үйрөнүүнү улантым. Католик болууга, Батпис болууга, Священник болууга , Пастор болууга изилдендим. Мен алардан дин боюнча сураганымда алар мага өздөрүнүн ойлорун гана айтышчу, далили жок эле айта беришер эле. Бир суроону бир канча священниктерге узатып бирдей жооп ала албаганым үчүн христианстводон көңүлүм калды. Өзү христиан эмесмин, Кудайды издеген бир мемемин...
Ошол жылы бир заправкада май куюп иштеп калдым. Мен менен бирге индиялык индус кошо иштейт болчу алар пилдин башы бар адамдын эстелигине сыйынышат эле. Анан мен андан сурадым неге адамдын башында пилдин башы турат, ал жерге арстандын же башка жаныбардын башын коюп сыйынбайсыңарбы ?-десем
Индус: "Ал эстелик кудай анын аты Ганеша". Булардын кудайына да ичим чыкбай башка диндерди үйрөнгөнгө аракет кылдым.
Мен иудаизм динин да өзүмчө изилдедим, Абу бакр болгонго чейин мен иудаизм атарынын бири Рубен болдум. Бирок иудаизмде Рубен болуп аларданда чыныгы динди таба алган жокмун.
Андан кийин буддистердин динин да көрөюнчү деп буддизмди изилдеп баштадым. Буддист динин карманган адамдар тынчтыкты сүйгөн адамдар экен. Мен ойлогом бир болсо ушул менин диним, мен кудайды таптым окшойт деп. Бир канча изилдеп терең кирген соң мен буддизмди дин эмес философиялык жашоо образы экенин түшүндүм.
Кийинчерээк менден бир христиан досум сурап калды "Сен кайсы диндерди изилдеп үйрөндүм деп жаттың эле?"
Мен:"Иудаизм, Буддизм, Христианство ..."
Досум тан калып "Исламды изилдебедиңби"-деди.
Менин төбө чачым тик тура: "Ислам?! Э алар террористерго?! Алар деген акылы төмөндөрго! Алардын эмнесин изилдеп үйрөнмөк элем көрүнүп эле турбайбы?!....деп айтканым эсимде.
Бирок бир күнү кандайдыр бир себептер менен мусулмандардын мечитинин жанынан өтүп баратып, бир кирип чыгайын деп кирдим. Бут кийимди деле чечбей мечитин төрүн көздөй бастым. Төргө карап кетип жатсам бир бир тууганым намаз окуп саждага баратканын көрбөй анын астынан өтөм деп анын башын тебелеп алайын деп жаздадым.
Мечите узун бойлу ак кийим кийген сакалы узун, чөлдөн бүгүн келген адамга окшогон адам мага карап келе жатат. Аны көрүп ал мага келе жатат ... Өлдүм эми.... Мени ал өлтүрөт, мына бүгүн менин акыркы күнүм Өлдүм деп жүрөгүм титиреп турсам, ал адам мага келип менин бут кийимим менен жүргөнүмдү көрүп саламатсыңбы досум? Кайда баратасың?- деди.
Мен ага Кудайды издеп жүргөнүмдү айтым. Ал мени отургузуп алып ислам дини боюнча айтып берди. Мечиттеги адамдар бизге жарым саат сайын чай менен печенье алып коюп мейман кылып атышты. Мен алардын чай аркасынан чай беребергенинен баш тарта албай кийин дааратканага аябай көп бардым. Алар мени печенье, чай менен мейман кылууну уланта берди. Мен өзүмдү мечитге печенье чай үчүн киргендей эле сездим, бирок чындыгында мен Кудайды издеп келгемин. Мага мусулмандардын мейман достугу аябай жакты.
Андан кийин мен священниктерге жана иудаизм аалымдарына, буддистерге берген суроону кайра эле мұсылмандарга бердим. Ал токтоптур деди да куранды алып ар бир суроомо жоопту курандан таап мына сенин сурооно жооп деп оку бир тууганым деп окутуп көрсөтүп жаттышты. Менин суроолорума жооп куран китепте бар экенине тан калып исламды изилдөөнү чечтим. Ошол күндөн кийин 3 жума өткөндө Куранды мага үйгө берип тургулачы мен аны сыйлап жакшы пайдаланам деп сурандым. Алар мага макул болуп берип турушту.
Үйгө Куранды алып келип окуй баштадым. Окуп тан калдым. Бул жөн гана китеп эмес экенин түшүндүм. Ошол түнү эксперимент кылып көрүүнү чечтим. Айнекти ачтып, светти өчүрүп, шамды жактымдагы Куран китепти окудум. Анан мен "О Аллах- Эгер сен мага азыр кандайдыр бир белги берсең мен мусулман болом, мисалы кичине чагылган түшүрсөң же ушул үйдүн жарымы көчүп түшсө эле болду, же дагы ушуга окшогон кичине эле белги берсең болду мен мусулман болом"-деп күтүп шамды карап отурдум, шам жалынга айланып кетет бекен деп көпкө күтүм эчнерсе болгон жок. Мен кайра Аллах бул сенин шансың мени мусулман кылыш деп кубуранып отурдум бирок эч нерсе болгон жок. Мен кайра:Оо Аллах үйдүн жарымы кулабай эле койсун, чагылган деле түшбөй эле койсун, эч болбосо азыр машиненин үнү угулсун мен мусулман болом деп айтым, дагы деле эч нерсе болгон жок.
Кайрадан Куранды ачып келген жеримден улантып окуй баштадым. Мен ушундай аяттарга туш келдим, аяттын маанисинде:
Аллах жетишээрлик далилдерди жараткандыгын жана кимге далил керек болсо жылдыздарга жана күнгө, сууларга карасын мына далил издеген адамдар үчүн далилдер" деген сыяктуу аяттын маанисин окуп , далил сураганыма Аллах мени ошол аятка туш кылып койгонуна түшүнүп кылган кылыктарыма уялып журканымдын ичине кирип чүмкөнүп Аллахтан кылган кылыктарымдын айынан эми азап келбесе деп корктум.
Эртеси кеч мечетке барып мусулман болом деп мечитке бардым, барсам мечеттин ичинде 1000 деген адамдар ибадат кылып жатышыптыр оозум ачылып калды. Мусулмандар ушунчалык ыйманы күчтүбү деп. Көрсө ал күн рамазандын 1-күнү экен. Барып келме келтиргенден кийин аябай жеңилдеп бир нерседен тазалангандай башымды ооруткан мурунку ойлордон арылдым. Мен Исламды кабыл алыш үчүн 6 ай изилдедим. Аллахка шүгүр исламды кабыл алдым. Кийин ата-энем билип алар тан калышты себеби алар атеист эле.
Алар бир болсо ойлогон мени автамат менен бомба алып магазиндерди жардырат деп, бирок убакыт өтүшү менен бир күнү атам менден Куран китебиңди берип турчу окуп көрөюн, сен мусуламан болгонуңдан кийин аябай башкача болуп өзгөрдүң деп куран китебимди сурады. Мен мусулман болгонго чейин жашашты билбептирмин мойнумда темир зынжыр тагып кайдагы чоң жыртык мода кийимдерди кийип жашадым, ислам мага кандай жашашты үйрөттү.. Субханаллаһ 😊
Чындыгында биздин жаратылышыбыз эч кандай эволюция эмес экенине далилдер көп. Эгер далил издесек айланабызда толтура. Адамдын көзүнчөлүк тунук көрсөтүүчү камераны адам махлуктары али ойлоп таба элек. Ошондой эле мен көздүн эмнеге туздуу экени тууралуу маалыматты окусаңыз булда өзүнчө далил:
ЭМНЕГЕ АДАМДЫН КӨЗ ЖАШЫ ТУЗДУ БОЛОТ, ТУЗСУЗ БОЛСО ЭМНЕ БОЛМОК ?
Бул суроону өзүңүздөргө берип көрдүңүздөр беле?Аллахтын дагы бир кереметтин сиздерге айтып кетели. Адамдын көз жашы эгер тузсуз болгондо кышында жок дегенде "-5" градуста эч ким эшике чыга алмак эмес. Себеби көздөрү муз болуп тоңуп калмак. Ал эми биздин көзүбү кыш мезгилинде жада калса "-20" градустан жогору болгондо да тоңбойт. Ал эми Россиядагы эн суук деген Сибир же башка аймактарында "-70" градуска чейин суук болот. Жада калса машинелердин айнектерине аяз тоңуп муз болуп калат. Биздин көзүбүздү суулап жаш каптап турат, ал эми жаш туздуу ошондуктан биздин көздөрүбүз кышта тоңбойт. Аллах улук. Аллахтын илими чексиз. Аллахка шүгүр.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8