Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
БАЛДАН ШИРИН ОКУЯ...
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллям) сахабалары менен жихаттан келе жатып Али (р.а.) нун үйүндө конок болуп калышат, дастаркон жайылып, тапканын койуп, бир алтындай нурдуу идиште бал коюлат. Ал балга кыл түшүп калган эле, аны көргөн Али (р.а.) сөз баштайт: "кайсы нерсе ушул идиштен нурдуу жана балдан таттуу жана кылдан ичке" деп сурайт?
1. Абу Бакр (р.а.) жооп берет:
Аллахтын пенделериге берген белеги намаз, бул идиштен нурдуу. Ошол пенделердин окуган намазы балдан таттуу. Ошол намаздын парз, важиб, сүнрөт амалдарыга бекем болуу кылдан ичке.
2. Умар (р.а.) жооп берет:
Эшиктен кирген мусаапыр конокту кадырлаган үй ээси бул идиштен нурдуу. Коноктун көңүлүн алып сүйлөш балдан таттуу. Меймандын колун кармап ишин кылып жардам берүү кылдан ичкедир.
3. Усман (р.а.) жооп берет:
Кураан окуган адам нурдуудур бул идиштен. Аалымдар менен бирге болуу балдан таттуу. Кураандын маңызын чагып туура тафсирлоо кылдан ичкедир.
4. Али (р.а) өзү да жооп берди:
Менин үйүмө келген коноктордун (сахабалардын) жүзү нурдуудур бул идиштен. Алардын сөздөрү таттуу балдан. Алардын көңүлү ичкедир кылдан.
5. Фатима (р.а.) да жооп айткысы келди:
Эрине моюн сунуп итьаат кылган аял нурдуудур бул идиштен. Жамандыка жакшылык кылуу балдан таттуудур. Күйөөсүнүн ыраазылыгын алуу кылдан ичкедир.
6. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллям) жооп берди:
Үммөтүмдүн калбы нурдуу бул идиштен. Кураанга жана менин сүннөтүмө бекем болуу таттуу балдан. Бирок өмүр бою бекем болуу кылдан ичке.
7. Ошол замат Жабраил периште (алейхи салям) келип жооп берди:
Аллахтын вахии жана хабибимдин набуваты нурдуу бул идиштен. Жаннаттагы каусар суусу таттуу бул балдан. Сироот көпүрөсү өтө-өтө ичкедир бул кылдан.
Ошондо Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллям) дуа кылды:
"Оо Аллах ушул бал окуясын ким уккан же окуган үммөттөрүмө бардык Пайгамбарлардын сообун каалаймын" деди.
Ошондо Аллахтан жооп келди:
"Ар ким бул бал окуясын укса же окуса бардык Пайгамбарлардын сообун берем" деди.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1