Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Чач – бул баардык аялдардын чыныгы көркү. Ошондуктан ал алсыз болуп, көркүн жоготуп койгондо, аны дароо калыбына келтирүү зарыл.
Чачтын түшүшүн кантип токтотуш керек?
Чачтын көп өлчөмдө түшүшү өтө деле коркунучтуу маселе эмес. Бирок, сөзсүз аялзатын тынчсыздандырбай койбойт. Эмне кылыш керек ? Эгер сиз чачым жыдып калат деп коркуп жатсаңыз, чачтын түшүшүн кантип токтотуш керек?
Биринчиден, чачтын көп өлчөмдө түшүшү - бул адамдын организминде кандайдыр бир бузулуу болгонунан кабар берет.
Чачтын түшүшүнүн себептери:
• Эгер чач түшө баштаса, демек организмде темир жетишпейт. Мындай көрүнүштөр көпчүлүк учурда туура эмес диетадан жана диеталык кошулмалар бар зыяндуу заттардын айынан келип чыгат.
• Көп нервденгенде, нерв системасы бузулат. Ошондуктан дайыма нервденип жүргөндөр чачы жок калышы мүмкүн. Мындай адамдардын чачынын түшүшү өнөкөткө айланып калат.
• Адамдын ар кандай оорулар менен оорушу да чачка таасирин берип түшө баштайт. Мисалы, тери оорусу, жыныстык жактан жугуштуу оорулар чачтын жыдып калышына алып келет.
• Оорулардан башка ар түрдүү дарыларды колдонуу да себеп боло алат. Мисалы, кан басымга каршы, бойго бүтүүдөн сактануу жана башка оорулардын дарылары.
• Чачты бат-бат боёсо, түзөө, кайруу, тармалдатуу, чач кургаткычты дайыма колдонуу – мунун баары чачтын көп өлчөмдө түшүп, жукарып, алсырап жоголушуна алып келет.
• Алкоголь жана кафеинди көп колдонуу да чоң таасирин берет.
Элдик ыкмалар менен чачтын түшүшүн токтотуу
Аялзатынын чачы түшө баштаганда эле, дароо кымбат баалуу косметикалык каражаттарды колдоно башташат же дароо эле косметологго жардамга чуркашат. Бир чети кээ бир аялдар бул маселени оңой эле үй шартында чечип коюшат. Жыйынтыгында акчасын да үнөмдөп, чачын да сактап калат. Анткени, алар элдик ыкмаларды туура, так колдонгонду жакшы билишет.
Үй шартында чачка кам көрүү көп деле кыйынчылык туудурбайт. Болгону дарыканага барып керектүү каражаттарды сатып алышыңыз керек. Ошондуктан жалкоолонбой убагында чачыңызга кам көрүңүз.
Касторово майы
Чач түшкөндө касторово майы жардамын жакшы берет. Бул масканы чачка ыңгайлуу колдонуу үчүн аны суунун буусуна жылытып алыш керек. Майды өтө ысытып албаңыз же болбосо баардык керектүү заттарын жоготуп алат.
Жылуу майды чачыңыздын тамырына чейин сүйкөп чыгыңыз. Маска колдонгондо дайыма түптөрүн да дарылаганды унутпаш керек. Аны сүйкөгөндөн кийин чачта бир саатка чейин кармап туруш керек. Эгер эки саатка чейин кармасаңыз андан да жакшы болот. Керек болсо аны түнү бою коюп, эртең менен жууп койсо да болот.
Лопухтан жасалган маска чачтын түшүүсүн токтотот
Лопух чөбү чачты жакшы дарылай алат. Ал чачтын түшүүсүн аз убакытта токтото алат. Чачты бул чөптүн кайнатмасы менен бат-бат жууп туруу пайдалуу. Мындай кайнатмага 50 граммга 10 грамм коньяк жана пияз ширесин кошуп койсо болот. Даяр болгон аралашманы чачка сүйкөп, жылуу сүлгү менен кымтылап, эки саатка коюп коюш керек.
Чачка коюлган маскалар арзан, жеткиликтүү жана оңой жасалат. Эң негизгиси чачты кулпунайдай кылып көркүнө чыгарат. Өзү аялдын сулуулугун ачкан ушул чач экенин да унутпаш керек. Адамдын көркүн чындап эле чач анан тиш ачып тургандыктан, ага кам көрүү канчалык зарыл экенин өзүңүздөр да жакшы түшүнүп жатсаңыздар керек.
Чачты чыңдоо үчүн каражаттар
Биздин заманда соода тармактарынан чачка кам көрүү үчүн баардык керектүү каражаттарды тапса болот. Бирок, аларды тандап жатканда курамындагы табигый заттарга көңүл буруңуздар. Алардын курамында канчалык өсүмдүк майлары көп болсо ошончолук таасирдүү. Эгерде каражаттарды дайыма туура тандап туура колдонсоңуз, чачыңыз ошончолук кулпунайдай кулпунуп көркүнө чыгат.
Майдын жардамы менен чачты чыңдоо
Чачтын чың болуп, көркүн жоготпошу үчүн репей майы таасирдүү. Ал кымбат дагы эмес, ошондуктан, бат-бат колдонуп туруңуз. Аны колдонгондо бир аз майды чачыңыздын бардыгына сүйкөп, үстүнөн душтун салафан баш кийимин кийип алыңыз (эгер андай жок болсо, сүлгү менен кымтып алыңыз). 30-40 мүнөттөн кийин жакшылап жылуу суу менен жууңуз, таза чайкаңыз. Мындай жөнөкөй жана оңой ыкма чачыңызды көп убакытка чейин сулуу жана калың боюнча кармап турат.
Чачтын чың болушуна эмне тоскоол болот?
Азыркы заманбап жашоодо чачын боёбогон кызды кезиктирүү мүмкүн болбосо дагы, боёк бул – жакшы жол эмес. Анткени, табигый чачка бир дагы боёлгон чач жетпейт. Эгер чачка башынан туура кам көрүп жүрсө, анда сулуулугун дайыма сактап калмак. Кам көрүүдө аз убакыт сарпталат. Ал эми ар түрдүү кылып боёп алган чач көрктүү дечи, бирок ага кам көрүү канчалаган убакытты талап кылат. А бардык эле аялзаты убакытын жалаң гана чачына бөлө албайт. Заманбап боёктор чачтын структурасын бузат, түшүшүнө алып келет, гүлдөтөт, жүн сыяктуу чыныгы өңүн бузуп салат.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев