Свернуть поиск
Правая колонка
Эркектер аялдарга караганда тез ары тынбай ашык болушат экен. Аялдар көзү түшкөн эркек менен келечектеги карым-катнашын элестетип болгончо, эркектердин жүрөгү "жараланып" үлгүрөт. Ойноктогон көз, жакшынакай бут, сулуу мүчө эркектин назарын эрксиз өзүнө оодара түшөт да, ойлонууга убакыт бербейт..
Эркектер аялдарга караганда кеминде сегиз жыл аз өмүр сүрүшөт жана ден соолугуна көңүл бөлгөндү жактырышпайт. Эркектердин көпчүлүгүнүн оюнча ден соолугуна арызданып, дарыгерлер алдына жүгүрө берүү - эркекке ылайык иш эмес. Эркекти оорунун түрү же өзүн күтүнүүнүн жолдору тууралуу эч кандай да аңгеме менен кызыктыра албайсыз, андан көрө ситуацияга карай айтылган чытырмандуу окуялар алда кайда кызык..
Эркектердин териси калың. Ошондуктан аларда тырыш аз болот. Эркекти өзү менен тең жаштагы аял менен салыштырганда, жаш көрүнөт экен, бирок ал сырткы көркү гана. Ал жаш көрүнгөн эркектин күчү төмөн болуу мүмкүн. Себеби, ар он жыл сайын физикалык кедергиге чыдап берүү мүмкүндүгү аялдарда эки пайызга кемип отурса, эркектерде он пайызга кемип отурат...
«Бардык эркек – бала». Коко Шанель
ушинтип айткан экен. Бул сөздүн маанисин түшүнгөн аял баарын да түшүнөт. Эркектер 50 жашында да ойго келбеген иштерди жасоо мүмкүн. Небереси менен топ тээп, тай минип ойноосу да калыптуу. Басымдуу бөлүгү 40 тан ашканда боз бала сыяктуу ашык болушат экен.
Эң кызыгы, аялдарга караганда, эркектер өмүрлүк шеригине көбүрөөк көңүлдөрү толбойт экен. Айтпаса да, түшүнүктүү. Аялдар коому акылга салса, кимге күйөөгө чыга турганын, болжоп, ичтей дайын болушат экен. А эркектер сезим менен сулуулуктун торунан чыга албай, өзүн жакшы көрүп, аяп, эркелетип жүргөнү жеткиликтүү деп ойлошот. Жыл өткөн сайын аялын жаңы көргөндөй таңыркай беришет имиш...
Үй бүлө курган бардык эркектер чыдамсыздана мураскерин күтөт. Баланын дүнүйөгө келүүсү аял менен эрдин арасын бир кырлуу жакындатса, ошончолук алыстата түшөт экен. Айтылган "боосу бек болсундар," куттуктоолор, "жуу", тойлоо, өзүн ата сезинип, мардайып калуу сыяктуу кубанычтардын арты баланын түнү бою ыйлап, сан ирет уйкудан ойготуу, төшөгүнүн, кийимдеринин "булгануусуна" уланат. Ага кошо, аялынын бар назары баласына ооп, эркектер бүткүл ыкыласын наристесине арнаган аялын ичтей кызганат. Туңгуч баласы кыз болуп туулса, уул дүйнөгө келгенче, эркектер чыдамсыздана күтүшөт.
Эркектер "кыдыруудан" баш тартпайт. Эгер ал сүйүктүү ата, жубайынын ишеничтүү үй ээси болсо да, сулуулукка, жаштыкка кызыгып, ойноп-күлүүдөн качпайт. Жан-жакка "көз салуу" 40-50 жаш чамаларында көп орун алат экен. Үй бүлөнүн бүтпөс тирилигинен бир аз тынчтыкты эңсеп, "талаадан" жылуулук издеп, жаңы "романдарга" ыкыласын оодаруу мүмкүн. Күйөөңүздүн бул эркелигин кечиримдүүлүк менен түшүнө билсеңиз, үй бүлөңүздүн чайкалбоосуна, күйөөңүздүн ан сайын кадырлай түшүүсүнө жол табасыз...
Автор: Гүлшайыр Кожоакматова

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13