Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Кезектин узундугуна, эртеден кечке орозо болуп чаңкагандыгына карабастан сабыр кылып, акырындык менен алга жылып отурат.Ошол учурда бир адам арт жактан:
- Мен бүгүн орозо кармаганмын! Кезек бергиле! Суусап чыдабай калдым ! - деп кыйкырып, ызы-чуу салып адамдарды аралап алдыга жүткүнүп калат. Адамдардын бири ыраазы болсо,бири нааразы болуп аны алдыга өткөрө башташат. Ошондо жанатан бери сабыр кылып, унчукпай турган,отуз жыл орозо кармаган киши:
- Ой, эмне кыйкырасын! Эгер орозо кармаганга жол бошотуш керек болсо, анда отуз жылдан бери орозо кармап келе жаткан мен биринчи алышым керек эмеспи? Сен бир күн орозо кармап, элди кырып-жоюп жиберейин деп калдың- дейт ачууланып. Ошондо жанагы киши каткырып күлүп жиберип.
- Сага отуз жыл бою күчүм жетпей келди эле, бүгүн максатыма жеттим. Орозоңду милдет кылып,тапкан сообуңдан кол жуудуң. Мага дал ушул керек болчу деп көздөн кайым болот. Көрсө ал отуз жыл орозо туткан адамдын орозосун ойрон кылуунун айласын таппай жүргөн шайтан экен.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев