Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Эртең дебе!Ата-энеңе чал бүгүн!
Жетип бар да,жандарында кал бүгүн.
Көзүнөн өөп,колунан өөп,кучактап,
Көзү барда ак батасын ал бүгүн.
Эртең дебе!Бүгүн оңдо өзүңдү,
Жакыныңа арна жылуу сөзүңдү.
Эртеңкиге кепилдик жок андыктан,
Аңдап-туюп ачкын бүгүн көзүңдү!
Эртең дебе!Бүгүн тообо кылгының,
Эс -акылың ,ойлоруңду жыйгының.
Сабак болсун жер алдында жаткандар,
Ажал үчүн маанилүү эмес кимдигиң!
Эртең дебе!Аткар бүгүн парзынды,
Болсо колдо бергин бүгүн карзыңды.
Таарынтканды кечир. Сура кечирим,
Башта намаз,башкадан кем жансыңбы!
Ташсыз калган сааттай бир күн токтойбуз,
Жоктолобуз.Жок болобуз.Жоктойбуз.
Билгендердин карегине сакталып,
Бир дүр этип күйүп өчкөн оттойбуз.
Ав:Гульниза Эргешова

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 20