Свернуть поиск
Фид
Шахзаада Аралашова
поделилась темой21 июн 2022
Аялыма болушуп жатсам апам мындай деп көз жашымды агызды
Жаңы эле кошуна жашаган жеңем менен сүйлөшүп бүткөм. Келинчегиме чалыптыр. Сыртта жүргөн. Мен ордуна жооп берип койдум. Телефонду аларым менен учурашпай эле, «ай келин, эртең конок тосом, келип кал» дейт. Өзүмдүн эле жеңем. Ачуум келди. «Биринчиден жеңе, саламатсызбы! Экинчиден, ден соолугуңуз жакшыбы? Үчүнчүдөн, меники дагы жакшы, рахмат сурап койгонуңузга. Төртүнчүдөн, өзүңүздүн конокторду өзүңүз тосуңуз. Алтынай (жубайым) эртең жумуштан кеч келет. Чарчап келген неме, кайра сизге барбайт. Менин аялым силерге бекер кызматкер эмес.» Ооба, баарыңар азыр жазат болушуңар керек. «Ой, андай болбойт», «кызмат кылыш керек», «анын милдети ошо» ж.б. Мен үчүн бул нерселер эч нерсеге татыбайт. Мен аялыма бирөөлөрдүн кызматын кылдырам деп үйлөнгөн эмесмин. Эгер кааласа өзү барып жардамдашат. Каалабаса, демек, каалабайт, анын оюу, сыйлайм. Мен сүйгөн адамым менен күн сайын бир төшөктө уктап, бир төшөктө ойгонууну каалаганым үчүн үйлөнгөм. Баса, жаңы баш кошкон кезибиз. Жумушка кетсем, бир тууган таежем келип жардамдашып кой деп келинчегимди алып кетиптир. Кеч кире баштады. Чалсам албайт. Кыш мезгили эле. Үйүнө жөнөдүм. Байкуш аялым суукта, шлепкачан, үстүнө жука куртка кийип алып сыртта толтура идиш жууп отуруптур. Жаңы келген келин унчуга албай айткандарын жасап жүрө берген тура. Бакырдым. «Жок дегенде ысык шорпо берип, үстүнө жылуу бир нерсе жаап койсоңор боло, менин аялым силерге кызматчы эмес!» Келинчегим тим эле кой деп ары тартат. Болбой, айтчу сөзүмдү айтым, жетелеп чыгып кеттим. Өзүңөр деле ойлосоңор, келин эмне адам эмеспи. Жеңем менен сүйлөшкөнүмдү апам угуп туруптур. Жаныма басып келип чачымдан сылады. «Азаматсың, уулум. Аялыңды коргоп, сыйлаганың үчүн сыймыктанам. Атаң мени эч качан аяп, коргочу эмес. Анын айынан бардык туугандары мени адам катары көрүшпөчү, сый көрсөтүшпөчү. Башка келиндер төрдө отурса, мен сыртта идиш жууп отурат элем. Ошондо ичимдеги сени сылап, уулум андай болбо дегем. Эми ал күндөр өттү, анда заман башка, азыр башка. Эл айтат калат. Ар дайым жаныңда ушул келинчегиң болот. Аны коргоп турганыңды көргөн неме, сага болгон сүйүүсү, сыйы артат.»60 комментариев
14 раз поделились
508 классов
Фид
Шахзаада Аралашова
поделилась темой6 июн 2022
01:20
14 комментариев
104 раза поделились
3.5K классов
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
79
- Ашырбеков НурланДжалал-Абад (Жалалабат)
- Акмалжан СариковМосква
- Мирлан АуталиБишкек (Пишпек, Фрунзе)
17
- SHOT212287 подписчиков
- Жакшы группа83437 подписчиков
- 🍳Давай приготовим!147253 подписчика
- Сам себе повар233551 подписчик
- Для вас! Быстрая доставка прямо к Вам из Москвы448391 подписчик
Правая колонка