Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Ок отпос баатыр жигитке ок жетпес кулук чак болгон. Баатырга кулук жарашса башына таалай бак конгон. Ага окшогон баатырдын айылы жоодон сак болгон. Жел мн сызып жарашса. Жеткирген ылдам алыска. Кулдуруп жалы шибердей. Кулагы окшоп камышка. Жыгылып олсо раазы жигити суроп намыска. Мекенин коргоп душмандан. Мертинбей чуркап чабышта кээрилип алыс таштаган. Келсе эгер ан арыка. Аргымак эгер чалынса айланмак жигит майыпка. Мудурулгонду мындай кой туягы койбойт тайыпта. Бир иизин ката баспаган мейли тун мейли жарыкта. Жардамчы болгон баатырга жалпы элди сактап калууга. Себепкер кылган кулукту жараткан озу калыста. Бир элди бир ат сактаган учурлар болгон тарыхта. Алп Манас минген аккула ак калпак элге бак тура. Гоонундой Айкол Манастын корунушу ак туура. Манастын тоодой каранын салмактуу курал жарагын. Которуп алып чуркаган Аккула баатыр ат туура. Алманбет минген сары ала. Алдыда келчу марага. Аш бышында жетчуу экен. Алты кун журчу арага. Алманбет шейит кеткенде таштабай соогун талаага. Жоонуна артып кайран ат жеткирип келген каалага. Ак балтанын Чубагы арстандын бири бул дагы. Тандап минген кок ала ташыркап койбос туягы. Чубактан качкан душмандар чабылган чоптой сулады. Кок ала тулпар болбосо Чубакты Чубак кылабы. Чон казатта кыргында кызыл кан селдей аккан да . Олуктордун кобунон чалынып кайран аттарда. Кытайдын мергей шыпшайдыр мылтыгын сунуп капталда. Чалынып аты Чубактын чекесин тулгай качкан да. Каапыр мергей шыпшайда как чекеге атканда. Башын кесип алууга душмандар чуулап жаткан да. Чубактын соогун кок ала карматбай качкан да. Жыйырма бирде жаш экен Манастын аталышы экен. Атка женил тайга оор ар онорго мас экен. Ордоко тийген шумкардай озгочо ылдам бат экен. Сыргакты Сыргак дедирген кадимки кок чебич деген ат экен. Ал эми кырк чоронун бири эле. Жетимиш тилди жатаган. Ажыбай минген карт курон бир иизин ката баспаган. Картандыгы дагы бар акылынан кайтпаган. Адаштырбай уйурду ар дайым жолду баштаган. Алманбет Сыргак кытайга чалгын чалып барганда. Жанына жайдак коштотуп карт куронду алганда. Жылкысычы кытайдын. Карагул деген балбанга кытайча билген Алманбет Кыргыздан олжо алдык деп. Карт куронду айтып калганда. Сынап корсо карт курон сыны башка малдан да. Кошуп кой деп жылкыга жугонун чечип салды анда. Адамдан эстуу карт курон аралашда малдарга. Жылкынын баарын ээрчитип ала тоо коздой салган да. Тору айгыр мн кара айгыр тосо албай калган арман да. ТАЗЗА КЫРГЫЗМЫН ДЕГЕНДЕР КАЯАКТАГЫ НЕРСЕ МН АЛЕК БИРОК САНЖЫРАНЫ БИЛИП КОЙ. УЯТ БОЛБОГОНДОЙ ЖУРОСУН. Нургазы Акматов.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев