Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Көзүң жанып, неге антип тиктедиң,
Канжар болуп сайылаарын сезбедиң.
Курган жүрөк, кан тамчылап турса да,
Согуп жатты, күрөшүүгө дем бердиң.
Эч ким туйбас эки карек сүйлөөрүн,
Алоолонуп бирге отко күүйөөрүн.
Үнсүз гана туюм менен айтышкан,
Суу чачса да улуу сезим өчпөөсүн.
Чексиз экен аалам сыры түгөнбөс,
Деңиз сымал мелмилдеген бөксөрбөс.
Кош кыялы бирге учкан ак куудай,
Ашыктыктан уя курган бузулбас.
Тагдыр кошпой, сүйүү оту күйгөндө,
Сыр катылат ушул эки жүрөктө.
Тутана албай быкшып түтөп түгөнөт,
Кара күйүк чычаладай күл боло.
Абдыкадырова Айнуса
Кыздар Ай адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1
Өчпөй ырлар, дагы көпкө, турабы?
Өчкөн кезде, дептеринен саптары.
Өрөөндөрдөн, ачкан гүлүн, сунабы?
***********************
Калемиңиздин сыясы бөксөрбөсүн.