Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Сөзү: Бека Абдыкадыр
Ай да өчөт Асманда жарык чачкан,
Күн да бир күн нуру кетет булут каптап.
Көрөр күн, ичээр суубуз түгөнгөндө,
Кетебиз алыс жака баарын таштап.
Күндөр келет бизди да эстээрсиңер,
Жакшы эле деп кадырыма жетээрсиңер.
Азыр болсо баркы жок баркталбайбыз,
Эстей албай унутуп кетпээрсиңер.
Жылдар өтөт билинбей арты-артынан,
Тоолор да өңү өчөт ак кар баскан.
Ак кепинге оролуп кеткен кезде,
Дуба кылып койгула унутпастан.
Баштаган иштин бүтөөр аягы бар,
Жашоонун да бизге койгон талабы бар.
Ар жандын бул дүйнөдөн өткөн кезде,
Дайыма эстеп жүрөр адамы бар.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1