
Левая колонка
Фильтр
03:52
- Класс
Бекзат Бакытбеков - “Ыйладым”
сөзү/обону: Зарлык Камбаралиев.
аранжировка/мастеринг: Марат Нарматов.
Сценарий/режиссер: Элзар Тиленбаев.
клипмейкер: Айберген Чынгызов.
Өкүнүчтөн жүрөгүм,
Эзилгенде ыйладым.
Жүрөгүн оорутканым,
Сезилгенде ыйладым.
Жолубуз бөлөк болуп,
Чечилгенде ыйладым.
Мен бербеген бакытты,
Сезсе экен деп ыйладым.
Сыйлап алчуу бир адам,
Келсе экен деп ыйладым.
Мен эмнеге көнүлүн,
Ооруттум деп ыйладым.
Баркын билген бир жанга,
Жоолуксун деп ыйладым.
Кадырынды эмнеге,
Билбедим деп ыйладым.
Кагып-силкип эмнеге,
Тилдедим деп ыйладым.
Өзүмдү-өзүм мен бүгүн,
Жек көрүүдөн ыйладым.
Жүрөгүмө сен жетпей,
Жалгызсырап ыйладым.
Бактылуу болсо экен деп,
Бакыт сурап ыйладым.
Мен эмнеге көнүлүн,
Ооруттум деп ыйладым.
Баркын билген бир жанга,
Жоолуксун деп ыйладым.
Сүйүүңдү жерге жанчып,
Койгонума ыйладым.
Өзүмчүл кур намысчыл,
Болгонума ыйладым.
Баардыгын кеч түшүнүп,
Калганыма ыйладым.
Все права защищены.
Copyright / Bekzat Bakytbekov
#БекзатБакытбеков #ыйладым #music #rek
YouTube
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
42
- Ввв ЭээДжалал-Абад (Жалалабат)
- ИСА АбдурасуловБишкек (Пишпек, Фрунзе)
- 🇰🇬🇰🇬🇰🇬 🇰🇬🇰🇬🇰🇬Кадамжай
17
- ↻↺TARJIMA KINOLAR ✠HD✠ UZ TILIDA↻↺96760 подписчиков
- Бир тыныгып алыңыз !34170 подписчиков
- Народные советы87473 подписчика
- ШАЙЫР КЫЗДАР6232 подписчика
- Вкусные рецепты!534099 подписчиков

