Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынын ачып жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы 25 жыл ичинде ШКУ калыптануу жана өнүгүү жолунда олуттуу ийгиликтерге жетишип, тынчтыкты, туруктуулукту жана өз ара ишенимди чыңдоодо маанилүү роль ойногон кадыр-барктуу эл аралык уюмга айланды.
"Кыргызстандын төрагалыгынын "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн бирге" деген темасы уюмдун өнүгүүсүнүн азыркы этабынын тарыхый маанисин гана эмес, келечекте ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган стратегиялык багытын да чагылдырат", — деди Кулубаев.
Министр ошондой эле кесиптештерине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Андан соң ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны жабык форматта уланды.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8