Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
😍😍Жаңы санды жашаган аймагыңыздагы почта түйүндөрүнөн таба аласыз. 😉 #ЖаңыСанда:
♻Баткенде Кыргыздын 3 жоокерин Тажик чек арачылары атып жарадар кылышты. “Тажиктердин үстөмдүгү жыл өткөн сайын күчөп баратат” дешет жергиликтүүлөр
♻Ырчы Неля “аялдын негизги миссиясы - өлкөгө пайдалуу уул-кыздарды тарбиялоо” дейт. Ырчы менен үй-бүлө, балдарды тарбиялоо, чыгармалылык тууралуу баарлаштык
♻Куудул, ырчы, тамада Эрнест Бөрүбаев “шумдуктун баарын акыркы 2 айдын ичинде көрдүм” дейт. Карантинде элге жардам берип жүргөн Эрнест мырза эмне үчүн ыйлап жатат?
♻Жыты аӊкыган кулпунайдан десерттин түрлөрүн жасап үйдөгүлөрдү кубантыӊыз. Рецепттерди гезиттин ашкана баракчасынан табасыз
♻Эмне үчүн операциядан кийин тигилген жерлер көп жылдан кийин деле ооруй берет? Жаӊы сандан гастроэнтерологдун кеӊешин окуӊуз
♻Каарманыбыз “эки бөйрөгүм иштебейт, өпкөмө суу толуп кетет” дейт. Урап түшөйүн деген үйдө 6 баласы менен жашаган атанын оор тагдыры жаӊы санда
♻“Музаман” тобунун солисти Тариэл Токмергенов менен жубайынан кызыктуу маек. “Карантин жубайым экөөбүздү аябай жакындатты” дейт ырчы
♻Ысык-Көлдө эгинди кара курт каптап жатат. Аны кантип жок кылуу керектигин адис айтып берет
#СуперИнфоГезитининЖаңыСанында
#Неля
#ЭрнестБөрүбаев
#ПакСоЖун
#ТариэлТокмергенов

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3